• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дарыгер инсультка алып келчү негизги 3 ооруну атады

Ден соолук 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы невропатологу Жамал Тургунбаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда көпчүлүк учурларда инсультка алып келе турган эң негизги 3 ооруну атады.

Дарыгердин айтымында, алар - кант диабети, гипертония, атеросклероз.

"Тузду чектөө, артериялык кан басымды көзөмөлдөө, кыймылдуу жашоо образы, туура тамактануу бул оорулардын баарын, анын ичинде инсультту алдын алат. Инсульт менен күрөшүүгө караганда алдын алуу оңой", - деди ал.

Тургунбаев кошумчалагандай, Кыргызстанда инсульт менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн адистештирилген 138 керебет бар, алардын көбү Бишкекте — Улуттук госпиталда, №1 шаардык клиникалык оорукананын жана Тез жардам кызматынын базасында, Ош шаарында жана Нарын да атайын бөлүмдөр бар. Мындан тышкары 38 реанимация бөлүмү иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий