Бишкек, 09.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда транспорт салыгынан жылына бюджетке 1,2 млрд сом түшчү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, транспорт үчүн мындан ары салык алынбайт. Мунун ордуна 1-январдан тарта айдоочулар унаасына куйган ар бир литр бензин же дизель үчүн бир сомдон төлөп баштады.
“Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол коюп, министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды берди. Эми биз эки айдын ичинде тийиштүү мыйзам долбоорду иштеп чыгышыбыз керек. Анда транспорт каражатына мүлк салыгын жоюу киргизилет. Биздин маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1 млн 593 миң 512 автоунаа бар. Алардан жылына бюджетке 1 млрд 200 млн сом салык түшөт. Транспортко мындан ары салык алынбай анын ордуна 1-январдан тарта айдоочулар унаасына куйган ар бир литр бензин же дизель үчүн бир сомдон төлөп баштады. 2025-жылдын 1-январынан баштап ал каражаттар Жол фондуна түшөт. Биздин эсептөөлөр боюнча, 1 млрд 700 млн – 1 млрд 800 млн сомго чейин акча каражаты түшө турганы пландалууда”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий