• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда валюта базарындагы абал туруктуу – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда валюта базарындагы абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, август айынын орто ченинде ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү байкалган.

“Улуттук банк валюта базарындагы абалды көзөмөлдөө максатында эки жолу интервенция жасады. Жалпысынан ички валюта базарындагы абал туруктуу бойдон калууда. Өлкөдө доллардын кескин көтөрүлүп кетишине эки себеп бар. Биринчиси – бул доллардын дүйнөлүк базардагы баасынын өсүп жатышы, экинчиси – бул экономикасынын өсүшүнүн ички фактору. Биз аны мезгилдик фактор деп айтабыз, жай бүттү, өлкөдөгү туристтердин саны азайды. Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервинде 2 млрд. 122 млн. доллар бар, бул деген 4 айга импортту жаба алган суммага барабар. Бул чындыгында жакшы көрсөткүч”, - деп билдирди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий