• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сеулда кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйыны өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Сеул шаарында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланууда.

Тараптар Кыргызстанда инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды ачуу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, Корея тараптын катышуусу менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин, республиканын санариптик трансформациясында жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият, спорт аркылуу кызматташууну да карашууда.

Ошондой эле тараптар экология, саламаттыкты сактоо, билим берүү, инновациялар, аймактарды өнүктүрүү, салыктарды башкаруу, жаштар саясаты, почта, айыл чарба жана башка тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий