• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астына бала бакча ачууга уруксат берилди

Билим 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жаңы курулуш нормасын кабыл алды.

"Ага ылайык, Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча, же баланы эрте өнүктүрүү борборлорун ачууга болот. Бул бала бакча бизнесин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий