• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда жаңы түзүлүп жаткан санжыра музейлери эмне кызмат кылат?

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров күн мурун кол койгон мыйзамга ылайык, эми Кыргызстанда санжыра музейлери түзүлмөй болду. Буга чейин биздин мамлекетте санжыра музейлери жокко эсе эле. Бул мыйзамдын кабыл алынышынын түпкү мааниси – Кыргызстандын элинин руханий маданиятын өнүктүрүүгө жана каада-салттарын сактоого, анын ичинде акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө популярдуу болуп жаткан санжыраны изилдөөгө багытталган. Буга чейин биздин өлкөдө катталбаган адистештирилген санжыра музейлерин түзүүнүн максаты - кыргыз элинин маданий мурасын жана каада-салтын сактап калуу. Санжыра бул - кыргыз эли үчүн ата-бабалардын эстелигин жана жетинчи муунга чейин урук-тукум байланыштарын сактоого жардам бергени менен маанилүү. Илгертен кыргыз эли санжыра аркылуу өз ата-тегин, уруусун, журтун билип, унутта калтырбай муундан-муунга айтып берип, унутта калтырбай улантып келе жатат.

Азырынча Кыргызстанда расмий түрдө санжыра музейлери жокко эсе дегенибиз менен, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында жайгашкан Кален Жетимишбаев атындагы музей 1993-жылдан бери санжыра музейи катары иштеп келе жатат. 2008-жылдан тарта музейдин мүлкү райондук маданият бөлүмүнүн карамагына алынып, райондук бюджеттен каржыланып келет. Музей 90-жылдары өткөрүлгөн республикалык санжырлар сынагынын жыйынтыгында чогултулган материалдардын негизинде түзүлүп, ага кыргыз урууларынын жана уруктарынын, ошондой эле кыргыздарга тектеш түрк тилдүү элдердин санжырасы киргизилген. Учурда музейде 5937 даана экспонат бар, алардын ичинде негизги фонд 3693 даананы түзсө, булардын катарында 202 санжыра, тактап айтканда, тарыхый инсандар жөнүндө китепчелер бар. Бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот. Ушул жерден баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, Кыргызстанда мындай музейлерди түзүү буга чейин мыйзам менен жөнгө салынган эмес эле. Мындан улам, санжыра материалдарды жана документтерди чогултууга, изилдөөгө, сактоого, көргөзмөгө коюуга жана жайылтууга расмий тоскоолдуктар болуп келген. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, санжыра толук кагазга түшүп, азыркы замандын талабына ылайык санариптештирип, келечек муунга эстелик болуп калыш керек деген изги тилек бар экени байкалат.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов «Кабар» агенттигине берген маегинде, бул мыйзам долбоорунун негизги максаты санжыра музейлерин түзүү болгон. "Буга чейин иштеп жаткан мыйзамда музейлердин түрлөрүнө санжыра кирген эмес. Мен мыйзамга өзгөртүү сунуштап, мыйзамга санжыра деген түшүнүк кирди деп",- белгиледи ал.

Эл өкүлү кошумчалагандай, жаңы мыйзамдын алкагында республика боюнча санжыра музейлери түптөлүп, анда адамдардын тек-жайы, тууганчылык байланыштары иликтенип, журт тарыхы изилденет. Муну менен Кыргызстандын келечектеги тарыхы өзгөрүлбөй, келечек муунга өзгөрүүсүз өткөрүп берилет. Кыргыз элинин маанилүү салттарынын бири катары санжыраны андан ары сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылат.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий