Кыргызстанда биринчи жолу онкологиялык ооруларга чалдыккан балдардын сөөк чучугу алмаштырылат – маек

Маек 0

Кыргызстанда жылына 180-200гө жакын бала онкологиялык ооруларга чалдыгат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки бөлүмдө жылына бул дарт менен күрөшкөн 500-600дөй бала дарыланат. Алардын 200дөйүнө жаңы диагноз коюлат. Бул көрсөткүч мурда 120-150гө чукул болчу. Ооругандардын 45-50%ы лейкоз оорусуна (ак кан оорусу, мээнин, жумшак эттердин шишиктери) кабылгандар. Алардын айрымдарынын сөөк чучугу алмаштырылышы керек болот.

Учурда бул үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда атайын бөлүм даярдалууда. Түркиядан тажрыйба топтоп келген адистер 2-3 айдын ичинде бейтаптардын сөөк чучугун алмаштырууну баштайт. Азыр жабдыктардын 80%ы даярдалды. “Кабар” агенттиги өлкөдөгү онкологиялык илдеттерге чалдыккан балдарды дарылоо тууралуу Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы, онколог Султан Стамбеков менен маектешти.

Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдар тууралуу айта кетсеңиз. Алардын сакаюу мүмкүнчүлүктөрү канчалык жогору?

Рак оорусунун көрсөткүчтөрүн карасак, биринчи орунда лейкоз оорусу 40%ды, экинчи орунда 15%ды мээнин залалдуу шишиктери түзөт, үчүнчү орунда лимфома деген бездердин рак оорусу 12 пайызга жетет. Калганы 7-9 пайызга чейин бөйрөктүн, боордун, көздүн жана сөөктөрдүн онкологиясына тиешелүү. Лейкоздун эки түрү бар: лимфобласттык лейкоз жана миелобласттык лейкоз. Жалпы лейкоздордун санын алсак, ошонун 70-80%ы лимфобласттык түрүнө кирет. Лейкоз кан оорусу болгондуктан ооруган балдарга химия терапия жасалат. Дарылоо учурунда бейтаптарга дары таасир бербей калат же болбосо дарылап бүткөндөн кийин кайтадан чыкса, ошондо сөөк чучугу алмаштырылат. Миелобласттык лейкоздо да көбүнесе бейтаптарга ушул дарылоо ыкмасы колдонулат. Лимфобласттык лейкоздо жалпысынан сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү 70-75 пайызды түзсө, миобласттыкда 30-40%ы айыгат. Бөйрөктүн шишиги менен лимфома бездеринин оорусу 90%га чейин сакаят. Ал эми калгандарынын сөөк чучугу алмаштырылуусу керек. Муну операция деп түшүнүшүңүздөр мүмкүн. Бул операция деп эсептелбейт. Мында бейтаптын өзүнүн сөөк чучугун алып, кайра өзүнө кан тамыр аркылуу берилсе, аутотрансплантация ыкмасы колдонулган болуп саналат. Эгер бейтапка башка адамдын сөөк чучугу жиберилсе, аллогендик трансплантация кылынды деп эсептелинет. Бул лейкоз оорусун дарылоодогу таталырак, оорурак ыкмалардын бири.

— Биздин өлкөдө бул дарылоо ыкмалары колдонулабы?

Кыргызстанда азыркы тапта бул ыкмалар жасалбайт. Бирок быйыл ушул дарылоо ыкмасын колдонуу боюнча даярдыктарды жүргүзүп жатабыз. Биринчи кадамда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Түркияга жиберилген 8 адамдан турган дарыгерлердин тобу окуп келдик. Адистер ал жакта үч айга чейин жүрүп, трансплантациялоону үйрөндүк. Бишкекке келгенде министрдин тапшырмасы менен бейтаптарды дарылаган жаңы бөлүмдү биринчи кабатта ачууну пландаштарып жатабыз. Азыр жабдыктардын 80%ы даярдалды десек болот. Эң негизги аферездик аппарат бизге келди. Эми атайын бөлүмдү даярдоо калды. Бөйрөк, боор алмаштыруу операцияларына караганда, сөөк чучугун алмаштыруу өзгөчө ыкмалардан. Сөөктүн чучугун алмаштырарда бейтапка өтө чоң өлчөмдөгү химия берилет. Ошол учурда донордун сөөк чучугу кан тамыр аркылуу жиберилет. Мындан улам адам өтө таза, стерилдүү шарттагы палатада болуусу керек. Министрдин тапшырмасына ылайык, биз азыр өзгөчө бөлүмдү уюштуруу менен алекпиз.

Ошондо Кыргызстанда биринчи жолу балдардын сөөк чучугу алмаштырылат турбайбы?

Мен ишенем, жакын арада, 2-3 айдын ичинде бул бөлүмдү даярдап бүтөбүз. Талаптар боюнча бөлүмдүн эки тарабында тең эшик орнотулат. Палатада ламинардык система аркылуу аба тартылып, кайра фильтрленип, абада бир да бактерия болбоосу зарыл. Бул иштер аяктаса, биз Кыргызстанда аутотрансплантация ыкмасы менен балдарды дарылай баштайбыз. Андан соң аллогендик түрүн да жасоого өтөбүз. Башка ооруларда бейтаптар кезекке туруп, операция жасата беришет. Ал эми биздин бейтаптар антип күтө албайт. Анткени шишик өсүп кете берет. Азыр биз үч-төрт бейтапты даярдап жатабыз. Кайсынысы ылайык болсо, ошолорго аутогендик трансплантация жасайбыз. Кыргызстанда бейтаптын өзүнүн чучугун алып кайра өзүнө кан тамыр аркылуу берүү (аутотрансплантация) жасалып келген. Бирок чоңдордун гематологиясында жасалчу. Ал эми донордун сөөк чучугун алуу ыкмасы (аллогендик трансплантация) чоңдор менен балдар арасында өлкөдө жасала элек. Биздин эсеп боюнча, жылына 60-80 баланын сөөк чучугун алмаштыруу керек. Чет өлкөдө сөөк чучугун алмаштыруунун баасы 100 миң долларга барабар.

Онкологиялык дарттарды дарылоодо ата-энелер балдарын чет мамлекетке алып кеткен учурлар бар. Мунун себеби эмнеде?

Чет өлкөгө кайрылган бейтаптардын эки түрү болот: бир түрү муктаждар. Анткени балдар онкологиясы мен мурда айткандай жана азыр да айтам, жогорку технологиялардын оорусу. Мында акыркы ыкмалар колдонулуш керек. Кээ бир нерсе Кыргызстанда жок. Ошол эле сөөк чучугун алмаштыруу азыркыга чейин жок. Мисалы, мээнин шишигин дарылоо жана башкалар. Ошолор бизге кайрылып, кеңештерди алышат, биз айтабыз чет өлкөгө барып дарыланыңыздар деп. Экинчисине Кыргызстанда бар туруп, бизде дарылангысы келбегендер кирет. Алар “мен Кыргызстанда дарыланбайм, чет өлкөгө баргым келет дегендер. Чет жактагы ыкмалар бизде деле колдонулат, бирок алардын Кыргызстандыкына ишеними жок. Мындай көрүнүш бардык мамлекеттерде бар. Мисалы, Казакстан, Россияда деле мындай көрүнүш жок эмес. Кээ бир учурларда дарыланганга бизге Тажикстан, Казакстан, Өзбекстандан келип турушат. Негизи дүйнө жүзүндө дарылоо протоколдору бирдей эле.

Мамлекет тарабынан балдар онкологиясына кандай көңүл бурулат? Айтайын дегеним, бөлүнө турган каражаттар жетиштүү элеби?

Мурда бейтап диагноз коюлгандан баштап дарылоого чейин эле 2-3 айда чарчап калчу. Азыр биз аларды бир жылбы, эки жылбы сакайтып жатабыз. 2014-2016-жылдары дарылангандар ушул жерге келип калганда бөлүмдөрдө жакшы нукка көп өзгөрүүлөр болгондугун айтып, ыраазы болушат. Мисалы, он жыл мурда бейтаптарга кан берилчү эмес. Аларды бейтаптар өздөрү сатып алчу. Аргасыздан кээ бирөөлөрү фонддорго кайрылышчу, жардам сурап. Азыр болсо, 4-5 жылдан бери мамлекет кан менен акысыз камсыздап жатат. Кыргызстанда биздин бөлүм ошол акысыз кан бериле турган жападан жалгыз бөлүм. Мында лейкоз менен ооруп жаткандарга тромбомасса кээде беш-он күн катары менен куюлат. Бир тромбомассанын баасы 1500-2000 сомго чейин чыгып кетет. Ошондо эсептей бериңиз, өлкө жактан көп жардам болуп жатат. Мен эсептегем, бир эле лейкоз менен ооруган бейтаптын химия терапиясына 300-600 миң сомдун тегерегинде каражат кетет экен. Андан тышкары, антибиотик, кан жана башка керектөөлөрдү эсептей берелик, канча болуп кетет. Жылына 200 бейтап болгондо, 100 млн сомдой каражат сарпталат. Ошондуктан балдар онкологиясы көп каражат талап кылчу бөлүмдөрдөн. Бизге акыркы жылдары мамлекет тарабынан көп көңүл бурулууда. Ошого жараша көбүрөөк акча каражаты бөлүнүп жатат. Он жыл мурда Кыргызстанда балдар онкологиясына бир млн сом берилчү. 2-3 жыл мурда 7 млн сом бөлүнгөн. 2012-жылы 20 млн сом каралса, былтыр 100 млн сом берилди. Бул каражаттар жылдан жылга көбөйүп келе жатат. Муну баса белгилеп айта кетишибиз керек.

Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий