• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда 6 айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136,4 млн сомдук айып салынды

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 6 айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136,4 млн сомдук айып салынды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, экологиялык блоктун маселелерине мамлекеттик экологиялык экспертиза жана экологиялык-техникалык көзөмөл, ошондой эле атмосфералык абаны коргоо жана калдыктарды башкаруу маселелери кирет.

«Биз мамлекеттик экологиялык көзөмөл системасын дээрлик жаңыдан куруп жатабыз. Алсак, отчеттук мезгилде 763 экологиялык корутунду берилген, анын ичинен 710у оң, 39у – терс, ал эми 26сы кайтарылды», - деди министр.

Кутманова белгилегендей, мындан тышкары, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн 440 миң 280 сом, экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 млн 112 миң 101 сом айып салынып, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандардан 596 миң 257 сом өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий