• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү кампаниясы жарыяланды

Экономика 0


ишкек, 03.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү кампаниясы жарыяланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинд өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзамдын максаты мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, ыктыярдуу декларацияланган активдердин кол тийбестигинин кепилдиктерин, катышуучу адамдардын кол тийбестигинин кепилдиктерин белгилөө, мүлктү ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү процесси, ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо процессинин сырын сактоо болуп саналат.

"Ошондой эле Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестиция тартуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу. Мындан тышкары, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин болушу мүмкүн болгон мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн КР мамлекеттик органдары тарабынан жоопкерчиликке тартуудан коргоо", - деди ал.

Үсөнбекова активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү көмүскө активдердин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада мыйзамдуу экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө шарт түзөт.

"Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, көмүскө экономика республиканын ИДПсынын 21%ын, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 40%ды түзөт. Ушуга байланыштуу жеке жактардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жалпы декларацияга өтүүгө даярдык көрүү этабынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ушул Мыйзам декларант тарабынан 2023-жылдын 1-январына чейин алынган декларациялоо объекттерине (мүлктөрүнө) жайылтылат. Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жол-жоболоруна карата мындай мамиле көпчүлүк жарандардын салыктык милдеттенмелерин аткара электиги жана так аткарбай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай кырдаалда кирешелердин чыгашаларга дал келүүсүн бир эле учурда көзөмөлдөө жана мүлктүк абалынын өзгөрүшүн салыштыруу менен жалпы декларацияга өтүү өлкөнүн жалпы салык төлөө мөөнөтүнө жеткендигинин далили болот", - деди ал.

Анын маалыматына караганда, ошону менен бирге ушул мыйзамдын жоболору адамга жана жеке менчикке каршы кылмыш жасаган адамдарга, издөөдө жүргөн адамдардын улуттук жана эл аралык тизмесине жана санкциялык тизмеге киргизилген адамдарга жайылтылбайт.

"Декларация чегинен ашкан учурда (кирешенин жалпы суммасы жана мүлктүн наркы 1млн сомдон ашкан) декларант мамлекетке 1 млн сом өлчөмүндө декларациялык төлөм төлөйт", - деди ал.

Үсөнбекова белгилегендей, мыйзам төмөнкү мамлекеттик кепилдиктерди карайт:

- легалдаштыруу кампаниясын жүргүзүүдө декларантка активдерди сатып алуу, пайдалануу же тескөө булактарына текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат;
- декларанттар, ошондой эле активдердин номиналдык ээлери төмөнкүлөрдөн бошотулат:
- жазык жоопкерчилигинен: бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчиликтен жана дисциплинардык жоопкерчиликтен;
- салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн;
- атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке адамдар өздөрүнүн мүлктүк абалын жана кирешелерин тастыктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берген бардык декларацияларды толук жок кылуу.

"Мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин 12 айды түзөт", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Өз кезегинде салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев Салык кызматына мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жактар ​​тарабынан берилген бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылганын билдирди.

"Учурда Салык кызматы декларацияларды жок кылуу процедурасын жүргүзүүдө, ал 7-августка чейин созулат. Жеке жактын Бирдиктүү салык декларациясы ишкердик менен алектенбеген (FORM STI-100), салык салынуучу кирешеси жок (жөнөкөйлөштүрүлгөн) (FORM STI-103), мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун алмаштырган жана ээлеген (FORM STI-155) , ошондой эле жеке жак үчүн салык декларациясы (FORM STI-079). Жеке жактар ​​тарабынан берилген жогоруда көрсөтүлгөн салыктык отчетторду жок кылуу ушул мыйзамга ылайык мамлекет тарабынан кепилденет", - деп кошумчалады Алиев.

Пикир

Оставить комментарий