• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөмү көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап туруктуу бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон, майыптыгы бар балдарга көрсөтүлөт.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматы бала кезинен баштап биринчи топтогу (18 жаштан улуу) майыптыгы адамдар үчүн киргизилген.

2022-жылдын 1-июнунан тарта жеке ассистенттердин акысы 4 900 сомдон 6 268 сомго чейин көбөйтүлгөн.

2024-жылдын 1-июлуна карата бул кызмат 9 532 бала жана 5 316 бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарды камтыйт (жалпы 14 848 адам).

Азыркы учурда өлкө боюнча жеке ассистент кызматын көрсөтүп жаткан жарандардын саны 14 миң 537 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий