• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Digital CASA долбоорун ишке ашыруу графикке ылайык жүрүүдө - Шаршенбиев

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Digital CASA долбоорун ишке ашыруу графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Мамкомитеттин башчысын техникалык келишимди ратификациялоо процессин создуктуруп жатканын сынга алышкан. Депутаттардын айтымында, парламенттин Каржы жана бюджет боюнча комитети маселени бүгүн карамак, бирок, Шаршенбиев отурумга кечигип калгандыктан ал маселе күн тартибинен алынган.

Бакыт Шаршенбиев келишимди ратификациялоого 2018-жылдын декабрь айынын соңуна чейин жетиштүү убакыт бар экендигин түшүндүрүп өттү.

“Биз Жогорку Кеңештин үч комитетин өтүшүбүз керек эле, андан кийин пленардык отурумда каралмак”, - деп билдирген Шаршенбиев отурумга 10:05те келгенин кошумчалап өткөн.

Digital CASA долбоорунун ишке ашыруу директору Дастан Догоев учурда долбоорду ишке берүү үчүн даярдык иш-чаралары жүрүп жатканын “Кабар” агенттигине маалымдады.

“Долбоор келишим ратификациялангандан кийин ишке берилет. Азыркы тапта жалпы техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иштер аткарылууда”, - деди Догоев.

Ал кошумчалагандай аталган долбоор 5 жылга эсептелген жана каржылоо 50 млн. долларды түзөт.

Эске сала кетсек, “Бишкек шаарында 2018-жылдын 2-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүгүү ассоциация ортосундагы («Digital CASA –Кыргыз Республикасы» долбоорун) каржылоо тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө” (өкмөттүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 459 токтому ) мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий