• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда жогорку кирешелүү мөмө-жемиштердин көчөтүн 20 миллионго көбөйтүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунун Бир-Булак айылында "Кулпунай, малина жана башка мөмө-жемиштерди интенсивдүү жол менен өстүрүү" аталышындагы семинарга катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Анда министр "Эко Азык" компаниясынын малина, кулпунай, бал, кайра иштетилген кыям жана джем сыяктуу продукцияларын өндүрүү жолдору менен таанышты. Иш-чара "Кулпунай Кыргызстан" бренди менен таанылган "Эко Азык" ЖЧКсынын базасында уюштурулду. Ага министрликтин бир катар жетекчилери, райондук жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер катышты.

"2024-жылы 14 чарбага мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүчү үрөнчүлүк чарба статусу берилди. Бул жогорку сапаттагы, сертификатталган көчөттөр менен камсыз кылууда питомниктердин ролун күчөтүүгө өбөлгө түзөт", - деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал дыйкан-фермерлерге 2024-2028-жылдары асылдуулугу төмөн деп аныкталган 614 миң гектар жердин 35 миң гектарына жемиш, 5 миң гектарына жүзүм өстүрүү үчүн бөлүп берүү пландалып жатканын белгиледи.

Бул багытта министрлик мөмө-жемиштерди экспорттоону жогорулатуу максатында жогорку маржиналдуу коммерциялык сортторду тандоо жана райондоштуруу иштерине көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Семинардын максаты - жогорку кирешелүү мөмө-жемиштерди өстүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу, жаңы сортторду өздөштүрүү жана фермерлер ортосунда тажрыйба алмашуу.

Катышуучулар "Эко Азыкка" тиешелүү кулпунай талаасын, алма багын, жамгырлатып жана тамчылатып сугаруунун жаңы ыкмасын жана актууалдуу агротехникалык усулдарды көрүп чыгышты.

Чарбанын негиздөөчүсү Алишер Кадыркулов. Ал 30 жылдык тажрыйбасы бар селекционер, агроном, кулпунайдын "федерико", "мальга" сортторунун автору, италиялык адис Франко Зетти менен кызматташып, мөмө-жемиш өстүрүүдө бир катар ийгиликтерге жетишкен. 2021-жылы экспортко багытталган кулпунайдын сортторун 5 гектар жерге өстүрсө, учурда “Эко Азык” менен иштешкен дыйкандар жалпысынан 800 гектар жерди иштетишүүдө. 2023-жылы өлкөдө ар кандай мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 3 млн көчөтү өндүрүлгөн, 2026-жылы аны 20 млн көчөткө көбөйтүү божомолдонууда.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрлер кабинети мөмө-жемиш көчөттөрүнүн кээ бир сортторун импорттоого убактылуу чектөө киргизген.

Семинарда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан багбанчылык стратегиясы, кайра иштетүү жана экспорт маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий