• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кышка даярдык: Бишкекте коомдук транспорттор текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттор текшерилүүдө, деп кабарлайт муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилинин башталышына байланыштуу, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине борбор калаадагы коомдук транспортторду катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Материалдык-техникалык жабдыктарды даярдоо: кышкы дөңгөлөктөрдү, аккумуляторлорду, троллейбустардын, автобустардын жана кичи автобустардын салондорун жылуулоого өзгөчө көңүл бурулсун. Ошондой эле бардык акыркы токтоочу пункттарга материалдык ревизия жүргүзүлсүн.

Транспорт департаменти тарабынан рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кичиавтобустук каттамдардын фирмаларынын айдоочуларына карата 14 мыйзам бузуу аныкталып, 7 акт, 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, биринчи кезекте кичиавтобустук каттамдары текшерилди.

Бул багыттагы иштер улантылууда. Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ташуучу-фирмалардын абийирсиз жетекчилерине жана айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий