• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанда жыл аягына чейин 4 жаңы көмөкчордон курулат

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Быйыл керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында республика боюнча 6 жаңы көмөкчордон курулууда.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришкендей, анын ичинен Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «Дейрес» жана Ысык-Көл облусундагы 110/10 кВ "Чырпыкты" эки көмөк чордондору пайдаланууга берилди.

Калган төмөнкү энергетикалык объектилер жыл аягына чейин аяктайт:

  • Бишкек шаарындагы 110/10 кВ "Ак-Кула" көмөк чордону;
  • Бишкек шаарындагы 110/10 кВ "Орто-Сай" көмөк чордону;
  • Ош облусундагы 110/10 кВ "Булолу" көмөк чордону;
  • Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ "С. Дүйшеев" көмөк чордону.

Курулушту каржылоо компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий