Кыргызстанда жыл башынан бери 60 миңден ашуун балага "сүйүнчү" төлөндү

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-июнуна карата 60 миң 443 бала "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн алышкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык бюджеттен 215,6 млн сом, анын ичинде 1,1 млн сом бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага төлөнгөн.

Министрлик ар бир бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгерде үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 50 миң сом төлөнөт.

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү алуу үчүн, бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Каражаттар арызды бергенден кийин эки жумушчу күндүн ичинде банк эсебине чегерилет. Арыз берген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен РСКнын же Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу акча каражаттарын алууга болот.

Арызды толтурууда туура уюлдук телефон номерин көрсөтүү керектигин эстен чыгарбоо керек, анткени банк аркылуу байланыш телефондоруна акча которгондон кийин СМС билдирүү келет.

Пикир

Оставить комментарий