Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 4,5% көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча, 2022-жылдын январь-мартында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү январь-март айларында 138 млрд сомго жакын болду жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий