• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жылдын I жарымында ИДПнын көлөмү 560 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июнь айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 560 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га өскөн.

Керималиева өсүш товарларды өндүрүүнүн – 28,8%га, кызмат көрсөтүүнүн – 51,7%га, салыктык түшүүлөрдүн – 19,5%га өскөндүгүнө негизделгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий