Кыргызстанда жылына 160 миңге чейин наристе төрөлөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. / Кабар/. Кыргызстанда жылына 135 миңден 160миңге чейин бала төрөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти Арсен аскеров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 12%ы салмагына жетпей жана аз салмакта төрөлөт.

Аскеров белгилегендей, өлкөдө эенелердин өлүмү жылына 100 аялга жетсе, азыр төрөт учурунда жана кош бойлуу кезде өлгөн аялдардын саны 50дөн ашпайт.

“Энелердин өлүмүнө негизинен аялдардын өнөкөт оорулары себеп болгон. Ошондой эле өлүмдүн тондун ооруусу, төрөттөн кийинки кан кетүү жана башкалар сыяктуу акушердик себептери дагы бар”, - деди ал.

Анын айтымында, төрөт боюнча программалардын жана технологиялардын жакшырышы менен өлкөдө ымыркайлардын өлүмү да бир топ азайды.

"Ымыркайлардын өлүмүнүн себептери – аз салмак, кош бойлуу кездеги инфекциялар", - деди Аскеров.

Пикир

Оставить комментарий