Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын суусу аз аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы алты скважина куруп, бургулоо пландалууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, скважиналарды Профсоюз-Нарвская, Л.Толстой-Логвиненко, Жайыл-Баатыр-Чортеков, Ахунбаев-Көк-Жаңгак, Ауэзов-Анкара көчөлөрүнө, Театр гүл бакчасына бургулоо пландалып жатат.
Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды, анын тереңдиги 120 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.
Бул скважинанын аркасында Профсоюз көчөсү жолдун эки тарабы толугу менен сугарылат.
Бул багыттагы иштер «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан улантылмакчы.
Пикир
Оставить комментарий