• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасы киргизилет

Ден соолук 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасы киргизилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ушу тапта Sanarip MED аркылуу өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин ооруканалар үчүн санариптик медициналык карта ишке киргизилген.

Төрөт үйлөрүндө кош бойлуулардын электрондук медкартасы эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

"Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет. Ошондой эле чыгымдарды азайтат", – деп айтылат маалыматта.

Учурда жаңы санариптик документти киргизүү жана колдонуу боюнча тестирлөө башталды.

Медициналык кызматкерлерди окутуу жана документти ишке ашыруу процесстери беш акушердик уюмда журүп жатат:
- Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы;
- Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасы;
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы;
- Чүй облустук бириккен ооруканасы;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борбору.
Долбоор Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий