• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сак болуңуз! Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, Улуттук банкка алдамчылык фактыларына дуушарланган жарандар кайрылууда. Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет. Ошондой эле, Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет. Ушул себептен, өзүңүздөргө сак болууну жана алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.

Улуттук банкына алдамчылык фактыларына дуушарланган жарандар кайрылууда. Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет. Ошондой эле, Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет. Ушул себептен, өзүңүздөргө сак болууну жана алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий