• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда улгайган аялды өлтүрө сүздү делген айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Балыкчыда белгисиз айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен, жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү таңкы саат 4:36 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардын көчөлөрүнүн кесилишинин биринде азият улутундагы жашы болжол менен 70-80 чамаларындагы аял кишинин жансыз денеси жол жээкте жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Балыкчы ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда, болжолдуу «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаага таандык тетиктердин сыныктары табылган. Андан тышкары, каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 297-беренесинин (“Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялонун эрежелерин бузуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден изин жазгырып кеткен айдоочуну аныктоо боюнча багыттамалар жана тергөө тапшырмалары берилген.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Балыкчы ШИИБ боюнча жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу аныкталып, милиция бөлүмүнө ошол күнү эле алып келинген. Кылмышкер ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну К.А. болуп чыгып, алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда жол кырсыгына тиешеси бар “Тойота-Витц” үлгүсүндөгү автоунаа токточу жайына токтотулуп, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий