• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстандагы табигый кубулуштардан пайда болчу кооптуу аймактар изилденет

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти өлкө аймагында табигый кубулуштардан пайда болчу кооптуу аймактарды изилдейт.

ӨКМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда сел жана суу ташкындарынын көп болушу, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү жагынан кооптуу жаратылыш кубулуштарынын ичинен биринчи орунда турат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен сел жана суу ташкындарына байланыштуу 73 сел жүрүү катталган. Анын 6 учуру өзгөчө кырдаал деп катталган.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын биринчи он күндүгүндө Кыргызстандвн аймагында 10дон ашык катуу сел катталды. Атай кетсек, Селден Түп, Жети-Өгүз райондору жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаары, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондору, Баткен облусунун Баткен району жабыр тартты.

Алардын бири 7-августта Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Корумду, Көөчү, Талды-Суу айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, айыл чарба талааларын, короо-сарайларды суу каптап, чарбалык көпүрөлөрү бузулуп, олуттуу материалдык зыян келтирди.

Мындан улам ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаментинин кызматкерлери Каркыра айыл аймагындагы кокту-колотторго, сел жүрүүчү сайларга аэровизуалдык изилдөө иштерин жүргүзүштү. Изилдөөнүн жыйынтыгында сел агымынын жогорку ылдамдыгы, селдин көлөмү аныкталды.

Келечекке болжолдоону түзүү жана тийиштүү коргоо чараларын иштеп чыгуу үчүн селдин курамы, негизги булактары катары сел борборлорунун калыңдыгын баалоо зарыл. Мындай изилдөөнүн негизги максаты – келечекте сел каптоонун алдын алуу, табигый кырсыктарды болтурбоого жардамын берет.

Пикир

Оставить комментарий