• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Италиянын футбол жаатындагы кызматташуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. 9-августта Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаев Италиянын "Кальяри Кальчо" футбол клубунун коммерциялык директору жана жаштар футболун eнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Стефано Мелис жана Марко Марчи менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда "Кальяри Кальчо" клубу менен Кыргызстандын футболдук союзунун жана футболдук клубдарынын ортосунда кызматташууну түзүү маселеси талкууланды.

Тактап айтканда, элчи Таалай Базарбаев тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн, анын ичинде директорлор, жаштар футболун өнүктүрүүгө жооптуу машыктыруучулардын ортосунда өз ара байланышты түзүү, бул сунуштарды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу келишимге кол коюу, ошондой эле биргелешкен спорттук иш-чараларды, анын ичинде эки тараптуу достук беттештерди уюштуруу сунуштады.

"Кальяри Кальчо" футболдук клубунун жетекчилиги бул багытта кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экендигин жана айтылган демилгелерге колдоосун билдирди.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулоо үчүн элчи Базарбаев ушул жылдын сентябрь айында "Кальяри-Кальчо" клубунун президенти Э.Джулини менен жолугушуу максатында клубдун штаб-квартирасына чакырылды.

Маалымат үчүн: "Кальяри Кальчо" футболдук клубу 1920-жылы негизделген, 1970-жылы Италиянын чемпиону болгон. 2022-2023-сезондон баштап А сериясындагы эң күчтүү дүйнөлүк чемпионаттарга катышып келет. "Кальяри Кальчонун" машыктыруучусу атактуу футбол машыктыруучусу Клаудио Раньери болуп саналат, ал Лестер футбол клубу менен чемпиондук титулга ээ болгон, ошондой эле Валенсия, Интер, Наполи, Рома, Челси, Ювентус жана башка дүйнөлүк клубдарды жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий