• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ошто ЖОЖдордун биринин деканы жана анын орун басары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин тартибинде эки суткага (48 саатка) УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.

УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана КР жарандарын аталган тармактагы бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий