Бишкек, 14.12.24. /Жазгүл Мадинова-Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына келген Кыргызстандын делегациясы казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй-музейи менен таанышты.
Адабий-мемориалдык жаңыртылган үй-музейи 1997-жылы Ауэзовдун 100 жылдыгына карата негизделген. Анда жазуучунун колдонгон буюмдары, жазган кол жазмалары, анын алгач окуган китептери, өмүр таржымалы, жеке архиви жана бир нече экспонаттары коюлган. Анын ичинен Ауэзовдун 1929-жылы “Манас” эпосунун кол жазма материалдары менен таанышуу үчүн ошол кездеги Фрунзе (Бишкек) шаарына барган иш сапары тууралуу да маалыматтарды кезиктирүүгө болот.
М.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун башкы директору Кенжехан Ислемжанулы Матыжановдун айтымында, академик Мухтар Ауэзовдун Манаска келүүсү жөндөн-жөн болгон эмес.
“Ошол кезде бир эле казак эмес кыргыз калкынын да мурасын түрк элине жеткирүүдө салымы чоң” - деп белгиледи башкы директор.
Атай кетсек, бүгүн Алматы шаарында Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата манасчынын үч илтигинин бет ачары өтөт. Ага кыргыз-казак окумуштуулары, манасчылар, мамлекеттик расмий жана эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышат. Иш-чара Улуттук Манас академиясы, Эл аралык “Түрксой” уюму, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү комитети тарабынан уюштурулууда.
Пикир
Оставить комментарий