• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандан Кытайга балык экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жумушчу сапары менен Чүй жана Ысык-Ата райондорунда болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анда министр балык чарбалары жана балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр азыркы тапта балыкты Кытайга экспорттоо аракеттери көрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Белгиленгендей, быйыл алты айда жалпысынан Казакстан менен Россияга 1 млн 901 миң 870 кг балык экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млн 637 миң 898 килограммга көп.

Адистер акыркы жылдары Кыргызстанда балык өстүрүү тездик менен өнүгүп жатканын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий