• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык абитуриенттер үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 25 квота бөлүнөт

Билим 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган КР делегациясынын курамында Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барып келди.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары КР министрлер кабинети менен СУАР өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына автономиялуу райондогуЖОЖдордо билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашууга, КР Билим берүү министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга катышты.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университети менен Шихецы университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, шамал генераторлорун орнотуу жана тейлөө боюнча кадрларды даярдоо жаатындагы алдыңкы компания Xinjiang Goldwind Science and Technology Co., Ltd менен түзүлгөн меморандумдун алкагында Кыргызстанда шамал генераторлорун орнотуу жана өлкөнүн эки техникалык жогорку окуу жайында шамал энергетикасы жаатындагы кадрларды даярдоо ишке ашырылары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий