• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык артисттер Катардын Лусаил бульварында концерт коюшту — фоторепортаж

Маданият 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандык артисттер Катардын Лусаил бульварында концерт коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданий программа Лусаил бульварында жайгашкан Кыргызстандын павильонунун жанында, ошондой эле ушул эле бульвардын башка аймагындагы сахналаштырылган жайында тартууланды.

Ушул тапта Кыргызстандын Катарда өтүп жаткан маданият күндөрүнүн алкагында тартууланган концертти шаар тургундары жана кыргызстандыктар жылуу кабыл алышты.


Маалымат катары: Лусаил бульварга Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023- жылкы Азия Кубогунда ойноп жаткан өлкөлөрдүн павильондору коюлган.

Кыргызстандын экинчи павильону боз үйдүн формасында жасалып, улуттук баш кийими болгон калпак жана салттуу колго жасалган шырдак килемдери менен кооздолгон. Павильондор 10-февралга чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий