• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43ү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматта аталган билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржылангандыгы айтылат.

Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.

Ведомстводон 2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасын сунушташты:

2021-жылы 32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.

2022-жылы — 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

2023-жылы — республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилгендигин кошумчалашты.

Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

  • Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп,
  • Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп,
  • Баткен облусунда – 21 мектеп,
  • Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп,
  • Чүй облусунда – 18 мектеп,
  • Талас облусунда – 11 мектеп,
  • Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий