• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошко агроөнөр жай паркын куруунун перспективдүү пландары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын төрагасынын орун басары жана Кыргызстан сүт азыктары ассоциациясынын төрагасы Аскар Маметжановду кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында бул аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү агроөнөр жай паркын куруунун перспективдүү пландары талкууланды.

Демилге айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кайра иштетүүчүлөрдү, стартаптарды, изилдөөлөрдү иштеп чыгуучуларды, инноваторлорду жана студент-практиканттарды бириктирүүнү камтыйт.

Долбоордун максаты - айыл чарбасын өнүктүрүү жана ар кандай тармактын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүүчү инновациялык платформаны түзүү. Райондун жана бүтүндөй өлкөнүн экономикалык потенциалынын өсүшүн колдоо менен жогорку кошумча нарк менен продукцияны жигердүү экспорттоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий