• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык "Аврора" тасмасы Евразия эл аралык кинофестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 22.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык "Аврора" тасмасы Евразия эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль 30-июндан 6-июлга чейин Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында өтөт. Ага Кыргызстан, Корея, Казакстан, Франция, Италия, Германия жана башка өлкөлөрдүн тасмалары катышат.

Тасманын режиссеру – Бекзат Пирматов. Анын тасмасы фестивалдын негизги сынагында көрсөтүлөт.

Аталган фестиваль 1998-жылы Казакстанда түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий