• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу-композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш- чара уюштурду.

Ага маданият министри Нуржигит Кадырбеков катышып, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына токтолуп, бүгүнкү күндө кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.

Салтанат санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий