• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште бир алтын, үч коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 28.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Түркиядагы күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинде төрт медаль бангындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өттү.

Алмаз Сманбеков 57 кг салмакта алтын, Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта коло, Исламбек Орозбеков 74 кг салмакта коло жана Арсалан Будажапов 79 кг салмакта коло медаль утту.

Эскерте кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий