• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстандык балчылар Ташкенттеги бал жарманкесине катышууда

Коом 0

Ташкент, 06.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген балчылар Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтүп жаткан бал жарманкесине катышууда.

Жалал-Абад облусунун балчылар уюмунун төрагасы Адахам Мавляновтун айтымында, соңку жылдарда Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин жүргүзүп жаткан адилеттүү жана ынак коңшулук саясатынан улам эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу, боордош кыргыз жана өзбек калкынын өз ара карым-катыштыгы жыл сайын өркүндөп барууда.

"Ташкенте өтүп жаткан бал жарманкеси дагы ошондой ар тармактуу кызматташтыктын бир көрүнүшү болуп саналат. Биз Өзбекстандагы бал фестивалына 2019-жылдан бери дайыма катышып келебиз, ортодо пандемияга байланыштуу бир аз үзүлүш болду, бирок биз өзбек туугандардан кол үзбөй дайыма алакадабыз. Быйылкы иш-чара өтө жогорку деңгээлде уюштурулган, кыргызстандык меймандарга атайын көңүл бурулуп, бардык шарттар түзүлгөн. Ташкент калкы жана меймандары кыргыз балына жогору баа берип, жыл сайын кардарларыбыз көбөйүп барууда", - деди ал.

Анжияндык балчы Азамжан Хурбаевдин бал аары кармоо багытындагы үй-бүлөлүк тардициясы жүз жылдан бери уланып келет. Ал ошол өткөн мезгил апалыгында кыргызстандык бал аарычылар менен дайыма кызматташта болгон. "Быйыл да өзүмдүн бал челектеримди Ош облусунун бийик тоолуу жайыттарына койдум. Ал жакта өскөн түркүн гүлдөрдөн азыктанган бал аарыларымдын эмгеги менен өндүрүлгөн экологиялык таза, жогорку сапаттуу балды бүгүнкү майрамга алып келдим. Айрыкча кийик оту гүлүнөн алынган балга талап күчтүү", - дейт ал.

Кыргызстандык балчылар иш-чаранын алкагында өзбекстандык кесиптештери менен өз ара тажрыйба жана пикир алмашып, кийинки жылдардагы кызматташтыктын негизги багыттарын белгилеп алышууда.

Белгилей кетсек, бал жарманкеси 10-декабрга чейин уланат. Бул иш-чара Ташкентте 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий