Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын оюнчусу Валерий Кичин "Динамо-Минск" менен "Шахтер" оюнунда мыкты оюнчу деп табылды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.
Кыргызстандык футболчу белорусиялык "Динамо" клубунда ойноп келет. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Белорусия биринчилигинде 23 турдан кийин Кичин ойногон клуб тизменин 4-сабында жайгашкан.
Пикир
Оставить комментарий