Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында калган үч түркиялык жаранды аман-эсен алып чыгышты (видео)

Коом 0


Бишкек, 19.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында үч кишини уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн 18-февралда, Хатай аймагында издөө-куткаруу иштеринин нытыйжасында кыргыз куткаруучулары 5 адамды уранды астынан алып чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

"Биздин куткаруучулар ата-энесин жана бир баласын аман-эсен куткарып чыгышты. Ал эми дагы эки баласы каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү Haber Global телеканалынын маалыматына таянсак, кыргызстандык куткаруучулар тарабынан табылган үч түркиялык жаран урандылар астында 296 саат жаткан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий