• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандык окуучу Азербайжанда өткөн жаратылыш илимдери боюнча олимпиадада байгелүү орунга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Азербайжандын Ленкорань шаарында өспүрүмдөр арасындагы табигый илимдер боюнча "Таланттарды даярдоо лабораториясы - 2024" VII эл аралык олимпиадасында байгелүү орунга ээ болду.

Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, долбоор Азербайжандын Жаштар жана спорт министрлиги тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Олимпиадага Азербайжан, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстандын жана Беларусь Республикасынын мектеп окуучулары катышууда.

Олимпиаданын күндүзгү туру 3 предмет - физика, химия жана математика боюнча тапшырмалардан турат.

Олимпиаданын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталып, Бишкек шаарындагы № 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу Султан Мусаходжаев 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, окуучунун машыктыруучусу Мамат Ишматов. Ал ошондой эле Кыргызстандын математика боюнча курама командасынын машыктыруучусу.

Пикир

Оставить комментарий