• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасында күмүш утту

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:

1. Фёдор Корнияш - Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицей;

2. Абдумалик Турсунов - Келечек-MIT;

3. Сейит Рыскулов - Газпром-Кыргызстан мектеби;

4. Нурсултан Эшперов - Газпром-Кыргызстан мектеби.

Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий