• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо органдары эл аралык баңги каналына бөгөт коюшту

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо органдары биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Борбор Азия мамлекеттерине синтетикалык баңгизаттарды жашыруун өндүрүүгө жана алардын контрабандасына адистештирилген эл аралык баңгилик синдикаттын ишмердүүлүгүн бейтарапташтыруу боюнча атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында ушул жылы 5-июнда Бишкек шаарынын аймагынан өлкөгө психотроптук заттарды даярдоо, таңгактоо жана аларды таркатуу менен алектенүүчү Кыргызстандын жарандарынан турган туруктуу баңгилик топ кармалган.

Шектүүлөрдүн унаасына тинтүүдө арткы отургучтан “Альфа PVP” 4 бөтөлкө психотроптук заттар салынган кара полимер баштыгы табылып алынган.

Андан аркы тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө лаборатория аныкталып, ал жактан сатууга даярдалган 18 психотроптук зат менен баштык, таңгактоочү каражаттар, ошондой эле жашыруучу жайларды аныктоого багытталган буюмдар табылган.

Кыргызстандын аймагындагы операциянын алкагында баңгилик синдикаттын 4 катышуучусу 2001-жылы туулган С.А. (топтун уюштуруучусу), 2002-жылы туулган А.А. жараны (таңгактоочу), 2002-жылы туулган Б.Э. (таңгактоочу), 2003-жылы туулган К.Ж. кармалып, аталган лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын операциянын аяктоочу этабы Казакстандын Усть-Каменогорскидеги жана Шымкенттеги бир учурда 3 аймактык бангилик курьерлерди кармоо болгон.

Кыргызстанда алынган заттардын жалпы салмагы 3 кг ашуун болгон жана Кыгызстандын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудагы болжолдуу киреше 13 млн 950 миң сомду түзмөк.

Пикир

Оставить комментарий