• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ички иштер министри Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Таш-Көмүрдө эл менен жолугушуудан кийин шаардын жашоочуларын кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязбеков Таш-Көмүр шаарындагы эл менен жолугушуудан кийин шаардык милициянын имаратында жергиликтүү тургундар Сманжан Бабатаев, Айжамал Жээнкулова жана Самара Калыбаеваларды кабыл алып, алардын кайрылуулары дыкаат текшерилип, ар бири боюнча калыс жана акыйкат чечим кабыл алына тургандыгын баса белгиледи.

Келген жарандар Таш-Көмүр шаардык милициясынын имаратынын курулушунда ашыкча чыгымдар кеткени тууралуу, милиция кызматкеринин жүрүм-турумуна баа берип, аларды кесиптик жогорку чеберчиликке даярдоону жана козголуп бирок кийин кыскартылып калган кылмыш ишин кайрадан жандандырып күнөлүү адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранышкан.

Жарандарды кабыл алган министр алардын кайрылуулары жана сунуштары боюнча ыраазычылыгын билдирип, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ИИМ башчысы жана башкы прокурор учурда Жалал-Абад облусунун аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий