• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

26 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу. Чолпон-Атада бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө чоңдор арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жана 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 12-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” комплексинде болот.

12-15-июль күндөрү “Эркин пирамида” U-19 оюндары өтөт. Ал эми чоңдор арасында бильярддын “Динамикалуу пирамида” түрүнүн расмий ачылышы 16-июлда өтүп, оюндар 20-июлга чейин уланат.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240ка жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий