• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 17 медаль утту

Билим 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Кыргызстандык 17 мектеп окуучусу биология боюнча британ олимпиадасында (British Biology Olympiad 2024) 17 медаль утуп алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен алтоосу алтын, алтоосу күмүш жана бешөө коло медаль.

Белгиленгендей, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 1000ден ашуун мектептен 15 миңден ашуун окуучу катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

2. Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

3. Азирет Анварбеков, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

4. Нурсултан Увалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класстын окуучусу – алтын медаль;

5. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класстын окуучусу – алтын медаль;

6. Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

7. Рахман Марат уулу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

8. Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

9. Дамир Маджунов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;

10. Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

11. Омурбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;

12. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI, 9-класстын окуучусу – күмүш медаль;

13. Нурбол Акматалиев Бишкек шаарындагы American-European School, 10-класстын окуучусу – коло медаль;

14. Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класстын окуучусу – коло медаль;

15. Мелита Самиева, “Айчүрөк” Бишкек кыздар лицейи, 11-класстын окуучусу – коло медаль;

16. Мухтадил Хамитжанов, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класстын окуучусу – коло медаль;

17. Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – коло медаль;

Пикир

Оставить комментарий