Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. 13-январдан 17-январга чейин математика, физика жана информатика (IZhO 2025) боюнча XXI эл аралык Жаутыков олимпиадасы өттү.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан төрт команда катышты.
Олимпиадага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния, Сербия жана Монголия сыяктуу 15 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу жана 150 мугалим катышты.
Медалдарды төмөнкү окуучулар алды:
1. Айдарбеков Алихан, 11 класс, Сейтек STEM – информатика боюнча алтын медаль.
2. Лебиев Абдульазиз, 11 класс, Сейтек STEM – информатика боюнча күмүш медаль.
3. Мананов Рамазан, 9 класс, Сейтек STEM - информатика боюнча күмүш медаль.
4. Садирбеков Санжар, 11 класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
5. Карыпжанов Нурислам, 10 класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
Тренерлер: Урайымов Кылычбек, Мундузбаев Айдар.
6. Джаникеев Саид, 9 класс, А. Молдокулов атындагы, №5 УИТМЛ - информатика боюнча коло медаль.
Тренер: Алмазбеков Бексултан.
7. Киргизбаев Назар, 11 класс, 61- АФММЛ ОК - математика боюнча коло медаль.
8. Асанкадыров Айдин, 11 класс, 61- АФММЛ ОК – математика боюнча коло медаль.
9. Эшперов Нурсултан, 11 класс, Газпром Кыргызстан – математика боюнча коло медаль.
Тренерлер - Ишматов Мамат, Жекшеев Дослан, Жолдубай уулу Бекжол.
10. Абдиев Аскар, 11 класс, А. Молдокулов атындагы №5 УИТМЛ - физика боюнча күмүш медаль.
11. Анаралы уулу Эмир, 12 класс, ЮВИС - физика боюнча коло медаль
Тренерлер – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.
IMPACT тренерлер үчүн олимпиадада төмөнкүлөр медаль алышты:
1. Ишматов Мамат, Газпром Кыргызстан мектеби – математика боюнча алтын медаль.
2. Аскаров Азамат, “Сапат” ББМ - математика боюнча коло медаль.
3. Жекшеев Дослан, Инфоком - математика боюнча коло медаль.
4. Урайымов Кылычбек, Сейтек STEM - информатика боюнча коло медаль.
IMPACT мугалимдер үчүн олимпиадада төмөнкүлөр медаль алышты:
1. Болотбеков Адильхан, “Сапат” ББМ – математика боюнча күмүш медаль.
2. Кудашов Доктурбек, “Сапат” ББМ - физика боюнча коло медаль.
3. Исмаил уулу Абдибаит, “Сапат” ББМ - информатика боюнча коло медаль.
4. Мамаразыков Рахматуллох, “Сапат” ББМ - информатика боюнча коло медаль.
Пикир
Оставить комментарий