• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлназ Жүзбаева Пара Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

Спортчу 1500 аралыкты коштоочусу Даниэл Жээнбеков менен 6 мүнөт 31,22 секунд убакытта чуркап өткөн.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди. Парадзюдо боюнча 48 кг чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий