• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандык студенттерди Түркиянын Полиция академиясына окутуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Манас Аманбаев Түркия ИИМинин Улуттук полиция академиясынын президенти Мурат Балжы менен жолугушту.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, тактап айтканда КР ИИМинин учурдагы жана келечектеги кызматкерлерин Полиция академиясында окутуу маселелерин талкуулашты.

Руслан Казакбаев кызматташтыкты күчөтүүгө жана эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин академиялары арасында түзүлгөн кызматташтык жөнүндө кол коюлган протоколун ишке ашырууну, ошондой эле Кыргызстандан келген курсанттарды окутуу үчүн бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүүгө чакырды.

Полиция Академиясынын президенти кыргыз тараптын сунуштарын толугу менен колдоп, активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, элчи жана ИИМдин өкүлү аталган окуу жайда билим алып жаткан кыргызстандык курсанттар менен жолугушту. Окуу шарттары жана кызмат көрсөтүү маселелери, ошондой эле курсанттарды кызыктырган айрым темалар кеңири талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Руслан Казакбаев офицерлерге жана курсанттарга ийгиликтүү кызмат өтөөсүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий