• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстандык жаш дарыгер Бүткүл дүйнөлүк кардиология конгрессинде баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жаш дарыгери А. Рустамбекова Британиянын Лондон шаарында өткөн Европалык кардиология коомунун дүйнөлүк конгрессинде илимий баяндама жасады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын англис тилиндеги баяндамасы эл аралык эксперттер тарабынан жогору бааланып, кызуу талкуу жаратты.

Бул жылы конференция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 30 миңге жакын катышуучулардын башын бириктирип, Кыргызстандын жаш дарыгеринин катышуусу Улуттук кардиология жана терапия борборунда адистердин жогорку деңгээлде даярдалаарын айгинеледи.

Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаш илимий дарыгерлерди даярдоого жана эл аралык илимий-медициналык коомчулук менен активдүү интеграцияга жана Кыргыз Республикасында медицина илимин өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы илимий медициналык кластер түзүлдү.

Европалык кардиология коомунун жетекчилиги жана европалык алдыңкы кардиологиялык борборлор менен кызматташуу жана Кыргызстанда кардиологияны өнүктүрүү боюнча жолугушуулар болуп жатканы да маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий