• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстанда 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү дем алыш күндөргө туура келгендиктен эс алуу күндөрү 9-ноябрь (дүйшөмбү) жана 10-ноябрга (шейшемби) жылдырылат.

"Андыктан беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-10-ноябрь күндөрү, ал эми алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрь күндөрү эс алышат", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий