• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине кол салган – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкекте белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрдын түнүндө болжол менен саат 01:25те “102” кызматына Садырбаев менен Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар Биринчи май райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине Ленин райондук милициясынын кызматкерлери барган. Белгилүү болгондой, болжол менен саат 01:00дө Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери жол эрежесин бузган “Дэу Нексия” унаасын токтотууга аракет кылган. Бирок аталган унаанын айдоочусу баш ийбей кетип, Толстой менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин жанына токтогон. Айдоочу жана анын жанында турган белгисиз 10-15 чакты адамдын документтерин текшерүү учурунда, алар тараптан каршылык болуп, милиция кызматкерлерине күч колдоно баштаган.

“КР укук коргоо органдарында кызмат өтөө тууралуу” мыйзамдын 46-беренесине ылайык көп адамдын кол салуусун кайтаруу үчүн милиция кызматкерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Окуя жерин текшерүү учурунда 3 гильза таап алынган. “Дэу Нексия” унаасы айып аянтчасына коюлган”, - деп билдирет райондук милиция.

Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий