• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандыктар айыл чарба азыктарын Омск шаарындагы дүң базарда сата алышат

Экономика 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандан Россиянын Омск шаарындагы "Черлакский" дүң базарына 120 унаа айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу маалымат Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Аталган базар жыл сайын Кыргызстандын 200дөн ашык унаасын кабыл алып, ал жерден дыйкан-фермерлер айыл чарба азыктарын сата алышат.

Белгилей кетсек, базарга кирүү үчүн ижара акысы күнүнө 2 миң 500 рубль, ал эми коопсуздук үчүн бир жолку төлөм 3 миң 700 рублды түзөт.

Омск шаарынын базарларында соода кылган мекендештерге кеңеш берүү жана башка техникалык жардамдар Кыргызстандын консулдугу тарабынан көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий